Кыргызстанда чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштырууга акыркы мүмкүнчүлүк берилди
Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду Документке ылайык, кошумча легалдаштыруу жол-жобосу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга алынып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтө элек транспорт каражаттарынын айрым категорияларына гана тиешелүү Транспорттун

Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду Документке ылайык, кошумча легалдаштыруу жол-жобосу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга алынып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтө элек транспорт каражаттарынын айрым категорияларына гана тиешелүү Транспорттун айдоочулары төмөнкүлөргө укуктуу: Мөөнөтү өткөндөн кийин транспортту легалдаштырууга жол берилбейт. Кыргызстандын аймагында легализациядан өтпөгөн унааларды иштетүүгө тыюу салынат. Эгерде автоунаанын ээси белгиленген мөөнөттө талаптарды аткарбаса, транспорт каражаты соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кийин тескөө менен адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштырылууга тийиш Эске сала кетсек, 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин Кыргызстанда чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу боюнча биринчи масштабдуу акция өткөн Казакстанда 2022-жылдын 1-сентябрына чейин өлкөгө ташылып келинген чет элдик автоунаалар бир жолку легализацияланууга тийиш. Процедура 2023-жылдын 23-январынан 1-июлуна чейин жүргүзүлдү


