Алтай шаары эсиңиздеби? Нурдан Орунтаев курулуш кандай жүрүп жатканын текшерди
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги Алтай шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты Нурдан Орунтаев курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын жана курулуштун бекитилген графигинин сакталышын күн сайын көзөмөлгө алууну тапшы

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги Алтай шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты Нурдан Орунтаев курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын жана курулуштун бекитилген графигинин сакталышын күн сайын көзөмөлгө алууну тапшырды. Мындан тышкары, ар бир курулуш объектисинде аткарылган иштер боюнча өз убагында отчет берип, жооптуу адистер тарабынан такай көзөмөлгө алынышы керектигин баса белгиледи Министр ошондой эле курулуш иштери чындап башталып, активдүү фазада турган кварталдарда гана батирлерди сатууну тапшырды. Бул чара жарандардын кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыздоого багытталган Бүгүнкү күндө 600гө жакын кварталдын аймагында дренаждык системаларды орнотуу иштери аяктады. Ошол эле учурда арматура торлорун токуу жана кийинки бетондоо үчүн фундаменттерди даярдоо иштери жүрүп жатат Маалымат: Алтай шаары өлкөдөгү эң ири турак жай курулуштарынын бири болуп саналат жана 234 га аянтты ээлейт. Долбоор боюнча 1551 беш кабаттуу көп квартиралуу турак жайларды куруу каралган. Жалпысынан ар кандай пландагы 34 миңден ашык батирлер пландаштырылып, жалпы өнүктүрүү аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат Долбоорго ылайык, шаарда социалдык инфраструктуралык объектилерди, анын ичинде мектептерди, бала бакчаларды, поликлиникаларды, ооруканаларды, реабилитациялык борборлорду, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүн, ошондой эле өрткө каршы жана куткаруу кызматынын борборлорун куруу каралган Белгилей кетсек, шаар бир нече жолу элдин көңүл чордонунда болгон. Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын азыркы экс-президенти Канатбек Абдрахматов долбоор Сейсмология институту менен макулдашылбаганын жана жер астындагы суунун бийиктиги жер титирөөнүн кесепеттеринин коркунучун күчөтүп жаткандыктан кооптуу экенин билдирген. Анда тургундар курулушка тартылган жүк ташуучу унаалар алардын жолун бузуп жатканын айтып нааразы болушкан


