Борбордук шайлоо комиссиясынын жана округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары: Жогорку Кеңеш түзөтүүлөрдү экинчи окууда жактырды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өлкөнүн шайлоо системасын реформалоого багытталган эки мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди Депутаттар биринчилерден болуп “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борборду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өлкөнүн шайлоо системасын реформалоого багытталган эки мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди Депутаттар биринчилерден болуп “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун жактырышты. Документтин демилгечилери - депутаттар Марлен Маматалиев, Гүлнара Акимбаева жана Айбек Алтынбеков Андан кийин ушул эле депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды


