Казак полициясы ШКУ өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен 345 кылмышкерди табууга жардам берди
Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери, Интерполдун Башкы катчылыгынын, ШКУнун катчылыгынын жана КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун өкүлдөрү катышты Форумдун а

Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери, Интерполдун Башкы катчылыгынын, ШКУнун катчылыгынын жана КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун өкүлдөрү катышты Форумдун алкагында президент Садыр Жапаров делегация башчылары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту Казакстандык делегацияны ички иштер министри Эржан Саденов жетектеп барды Жолугушуунун негизги темасы укук коргоо органдарынын трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, экстремизмге, терроризмге жана киберкылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташуусун кеңейтүү болду. Катышуучулар санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу менен жасалган кылмыштуулук менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурушту Ержан Саденовдун айтымында, 2026-жылы ШКУга мүчө мамлекеттердин өтүнүчү менен казак полициясы 345 кылмышкерди издөөгө алган. Өз кезегинде Казакстан боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагында издөөдө жүргөн 49 адам кармалып, юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 366 кайрылуу аткарылган Мындан тышкары, укук коргоо органдары баңги заттарды өндүрүү жана сатуу менен алектенген үч трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту Жолугушуунун жыйынтыгында ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты, биргелешкен операцияларды, тажрыйба алмашууну жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү мындан ары өнүктүрүүнү караган протоколго кол коюлду Иш-чаранын алкагында Ержан Саденов Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви жана Индиянын мамлекеттик ички иштер министри Нитянанда Рай менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү Буга чейин Казакстан интернет-алдамчылык менен күрөшүү үчүн ШКУ платформасын түзүүнү сунуштаган


