railway.kg аркылуу Бишкек-Балыкчы поездине билеттерди сатып алуу убактылуу чектелет
Темир жол билеттерин railway.kg мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү убактылуу чектелген. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди Маалым болгондой, убактылуу чектөөлөр ticket.railway.kg сайтын жана railway.kg мобилдик тиркемесин модернизаци

Темир жол билеттерин railway.kg мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү убактылуу чектелген. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди Маалым болгондой, убактылуу чектөөлөр ticket.railway.kg сайтын жана railway.kg мобилдик тиркемесин модернизациялоого байланыштуу. Бишкек – Балыкчы – Бишкек багыты боюнча №608/609 поезди менен сапарга чыгууну пландаган жүргүнчүлөр билеттерди tickets.railway.kg расмий сайтынан, ошондой эле Бишкек-2 темир жол вокзалынын кассасынан сатып алса болот Компания техникалык иштер санариптик кызматтарды жаңылоого, маалыматтык системалардын туруктуулугун жогорулатууга жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталганын белгилейт


