Кыргызстандын чек арачылары аткезчилерди кармоодо курал колдонушкан
2026-жылдын 16-июнунда Баткен облусунун Баткен районунун Курук-Сай тилкесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арачылар мамлекеттик чек арадан малды мыйзамсыз өткөрүү аракетин токтотушкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди Саат 00:30 чамасында Баткен ч

2026-жылдын 16-июнунда Баткен облусунун Баткен районунун Курук-Сай тилкесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арачылар мамлекеттик чек арадан малды мыйзамсыз өткөрүү аракетин токтотушкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди Саат 00:30 чамасында Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Тажикстанга 17 баш бодо мал жана 1 жылкыны мыйзамсыз алып бара жаткан КР эки жаранын аныкташкан Текшерүүнүн жүрүшүндө эреже бузгандар мурда чек ара тосмонун тикенек зымдарын кесип, мамлекеттик чек аранын инженердик шлагбаумдарына зыян келтирип, андан соң малды белгиленген өткөрүү пункттарынан тышкары мамлекеттик чек арадан өткөрүүгө аракет кылышкандыгы аныкталган Кармалган учурда чек арачылар каршылык көрсөтүп, мыйзамсыз аракеттерди токтотуу боюнча чек ара тозотунун мыйзамдуу талаптарын аткарышкан эмес Мыйзамдын талаптарына ылайык, улук чек арачы жогору карай эки жолу эскертүү иретинде ок чыгарган Чек араны бузгандар эскертүү ок атышканына карабай, мыйзамсыз аракеттерин токтотушкан жок жана аларды кармоо учурунда чек арачыларга активдүү каршылык көрсөтүүнү улантышкан Учурдагы кырдаалда кылмыштуулукка бөгөт коюу жана мамлекеттик чек арада мыйзамсыз аракеттерди жасаган адамдарды кармоо максатында чек ара тозоту курал колдонду Натыйжада кылмышкерлердин бири ылдыйкы бутуна ок тийген Чек арачылар жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан соң Баткендеги медициналык мекемеге жеткирилип, операция жасалган Медицина кызматкерлеринин айтымында, анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда Кармалгандар андан аркы процессуалдык чараларды көрүү үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат


