Акын Атантай Акбаров Лондондо англис тилиндеги ырлар жыйнагын тартуулады -
Лондондо өтүп жаткан Mega Fest 2026 эл аралык фестивалынын алкагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана композитор Атантай Акбаровдун God & Love (“Кудай Жана Махабат”) жыйнагынын англис тилиндеги чыгарылышынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди

Лондондо өтүп жаткан Mega Fest 2026 эл аралык фестивалынын алкагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана композитор Атантай Акбаровдун God & Love (“Кудай Жана Махабат”) жыйнагынын англис тилиндеги чыгарылышынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди Бет ачарга 12 өлкөдөн келген коноктор келип, алардын ар бири агайдын чыгармачылыгына суктангандыгын билдиришти. Китептин көчүрмөсү Брюсселдеги Чыңгыз Айтматовдун жеке китепканасында жана кеңсесинде татыктуу орун алды God & Love жыйнагы - сүйүү, ишеним, адамдык ар-намыс жана руханий изденүү сыяктуу түбөлүктүү темалардын философиялык жана лирикалык интерпретациясы. Китептин англис тилинде басылышы Атантай Акбаровдун чыгармаларын чет элдик кеңири аудиторияга ачып, кыргыз адабиятын Борбор Азиядан тышкары жайылтууга жардам берет


