Өспүрүм унаадан секирип качууга аракет кылган. Анын сөөгү селдин арасынан табылган
Куткаруучулар Ысык-Көл облусунда селден кийин жоголгон 14 жаштагы баланын сөөгүн табышты Эскерте кетсек, 5-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоонун боору түшкөн. Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 92-чакырымын, “Мерседес Спринтер” жана “Форд Мондео” үлгүсүндөгү у

Куткаруучулар Ысык-Көл облусунда селден кийин жоголгон 14 жаштагы баланын сөөгүн табышты Эскерте кетсек, 5-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоонун боору түшкөн. Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 92-чакырымын, “Мерседес Спринтер” жана “Форд Мондео” үлгүсүндөгү унааларды топурак жана таш каптады. Мындан тышкары сел эки адамды каптаган. Алардын бири, өспүрүм 8-класстын окуучусу качып кетүүгө аракет кылып, унаадан секиргени айтылууда Облустук администрациядан билдиришкендей, өспүрүмдүн сөөгү бүгүн саат 03:00 чамасында селдин арасынан табылган. Издөө-куткаруу иштери тынымсыз жүргүзүлдү Керектүү процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн жансыз дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди


