Өспүрүм мугалимди сабап салды: кылмыш иши козголду
Окуя тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Кадрда мектептин коридорунда мугалим менен окуучунун сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Бир нече секунддан кийин өспүрүм эркекти сүзө баштайт. Жарыяланган маалыматка караганда, мугалим окуучуну сабак учурунда мектептен чыгарбай койгондуктан, жаңжал ош

Окуя тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Кадрда мектептин коридорунда мугалим менен окуучунун сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Бир нече секунддан кийин өспүрүм эркекти сүзө баштайт. Жарыяланган маалыматка караганда, мугалим окуучуну сабак учурунда мектептен чыгарбай койгондуктан, жаңжал ошондон чыккан Окуя Шамалган айылындагы орто мектептердин биринде болгонун Алматы облустук ички иштер башкармалыгы билдирди «Алдын ала маалыматтарга караганда, жашы жете элек бала менен эркектин ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө ал жабыркады», - деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы Окуядан кийин жашы жете элек кыз милицияга жеткирилген. Учурда укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат ИИМ тергөөнүн жыйынтыгы менен учурдагы мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынарын түшүндүрдү


