Акчабарда Кыргызстан менен Кипрдин ортосунда кош салыкты болтурбоо боюнча келишимге кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасында расмий сапар менен жүргөн Кипр Республикасынын Тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кипр мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, ошо

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасында расмий сапар менен жүргөн Кипр Республикасынын Тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кипр мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кипрдин ортосунда киреше салыгына карата кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болду Бул Макулдашуунун негизги максаты - Кыргыз Республикасы менен Кипрдин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүчү эки өлкөнүн ишкердик субъекттеринин кирешелерине кош салык салууну жоюу Белгилей кетсек, кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуулар Кыргыз Республикасынын экономикасына тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралат Мындан тышкары, документ бир мамлекеттин резиденттерин башка Келишим түзүүчү мамлекеттин аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоону камсыз кылууга, салык төлөөдөн качууга жана Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөөгө, ошондой эле эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз


