Келишимге кол коюлду: Америкалык компаниялар Сирияда газ өндүрөт
Сирия эки америкалык компания - ConocoPhillips жана Novaterra менен өлкөдөгү бир нече газ кендерин иштетүү боюнча келишимге кол койгонун SANA мамлекеттик агенттиги билдирди Келишим Дамасктагы Энергетика министрлигинин штаб-квартирасында Сириянын Петролеум компаниясы (SPC), ConocoPhillips жана Nova

Сирия эки америкалык компания - ConocoPhillips жана Novaterra менен өлкөдөгү бир нече газ кендерин иштетүү боюнча келишимге кол койгонун SANA мамлекеттик агенттиги билдирди Келишим Дамасктагы Энергетика министрлигинин штаб-квартирасында Сириянын Петролеум компаниясы (SPC), ConocoPhillips жана Novaterra компанияларынын ортосунда түзүлдү Мекеме документте бир катар газ кендерин иштетүү жана иштеп жаткан объектилерде өндүрүштү көбөйтүү каралганын белгилейт. Долбоор Сириянын энергетика тармагын бекемдөөгө жана электр энергиясын өндүрүү жана экономиканын башка негизги секторлору үчүн жаратылыш газын берүүнү кеңейтүүгө багытталган Сириянын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, макулдашуу тараптардын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандан кийин бир нече айга созулган техникалык, укуктук жана коммерциялык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болду Буга чейин Financial Times эки анонимдүү булакка шилтеме жасап, ConocoPhillips Сириянын жаңы өкмөтү менен келишимге кол койгон биринчи америкалык ири мунай жана газ компаниясы болорун жазган. Буга чейин ConocoPhillipsке караганда активдери жана операцияларынын масштабы бир топ азыраак болгон америкалык HKN Energy компаниясы Сирия өкмөтү менен 25 жылдык келишимге кол коюп, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Румейлан аймагындагы мунай кендерин иштетүүгө киришкен


