Израил өкмөтү Түркияны коркуткан аткаминерди эмне үчүн кызматтан кетирди?
Israel Aerospace Industries (IAI) компаниясынын тышкы байланыштар боюнча вице-президенти Шейя Гал кызматтан алынганы белгилүү болду. Акыркы бир жыл ичинде Израиль Хайом жана The Times of Israel баштап Греция медиасына чейинки басылмалардагы басылмалары менен көңүлдөрдү буруп, Түркияны Израилдин кийи

Israel Aerospace Industries (IAI) компаниясынын тышкы байланыштар боюнча вице-президенти Шейя Гал кызматтан алынганы белгилүү болду. Акыркы бир жыл ичинде Израиль Хайом жана The Times of Israel баштап Греция медиасына чейинки басылмалардагы басылмалары менен көңүлдөрдү буруп, Түркияны Израилдин кийинки бутасы катары көрсөткөн Өткөн жылы ал Түркияны “жаңы Иран” деп атап, Израиль үчүн жазган соңку макаласында “Тегеранга кол салуу жөн гана репетиция жана чыныгы бутага Анкара” деп айткан. Ушул айдын башында Гал өзүнүн макалаларынын биринде Орусия тарабынан курулуп жаткан Түркиянын биринчи атомдук электр станциясы Аккую Израилдин чабуулдары үчүн аскерий бутага айланышы мүмкүн экенин кыйытты Israel Aerospace Industries (IAI) компаниясынын тышкы байланыштар боюнча вице-президенти болуп иштеген Галдын басылмалары Түркияда кескин сынга кабылды. Анын макалалары Газа согушу жана Сириянын жеринин бүтүндүгү боюнча пикир келишпестиктерден улам Түркия менен Израилдин ортосундагы чыңалуу туу чокусуна жеткен кезде жарык көргөн. Бул тирешүүлөргө карабастан, эки өлкө чалгындоо байланыштарын сактап, мамилелерди башкаруу үчүн аскердик байланыш линиясын түзүштү Бирок, англиялык басма сездун билдируулеруне Караганда, Гал «Израиль аэрокосмостук енер жайынын» ысмын колдонгон бир катар жарыяланган макалалар израилдик жетекчилердин кыжырын келтирген. Маалыматка ылайык, Израилдин расмийлери аны түрк-израилдик мамилелерге дагы зыян келтирүүчү адам катары сыпатташкан Израилдин аскердик өнөр жайы үчүн жооптуу Aerospace Industries компаниясы Лондондо жайгашкан Middle East Eye гезитине Галдын кызматтан бошотулганын билдирди. "Шай Гал бир топ убакыттан бери IAIде иштеген эмес жана анын айткан пикирлери компаниянын көз карашын чагылдырбайт; ал компаниянын атынан сүйлөөгө да укугу жок", - деп айтылат Израилдин аскердик-өнөр жай компаниясынын билдирүүсүндө Бирок Гал 2025-жылы компаниядан бошотулуп, Aerospace Industries компаниясын сотко бергени белгилүү болду. Сот документтеринде Гал ал саясий себептерден улам байланыштар боюнча вице-президенттик кызматтан үч жылдык кызматтан алынганын айтат. Компания, Тель-Авив сотунда берген көрсөтмөсүндө, Галдын жумуш ордунда туура эмес жүрүм-турум көрсөткөнүн жана алдын ала макулдашуусуз маалымат каражаттарына интервью бергенин билдирди Соттук териштирүүдө компания Галга койгон конкреттүү айыптардын бири вице-президент катары өзүн көрсөтүп жатып, келишимдин шарттарын бузуу менен уруксатсыз макалаларды жарыялоо болду. Анткен менен Тель-Авивдеги булактар Галдын израилдик аткаминерлердин өтүнүчү менен анын басылмалары израилдик-түрк мамилелерин курчутканы үчүн кызматтан алынганын ырасташты


