Эмне үчүн биз ичкен суу үчүн төлөшүбүз керек? Бул акча эмнеге кетет?
Эмне үчүн биз ичкен суу үчүн төлөшүбүз керек? Бул акча эмнеге кетет? Бул суроолорго Кыргызстандын айыл чарба министрлиги жооп берди: Ичүүчү сууга тарифти төлөө маанилүү, анткени: 1.Насос, түтүк, электр энергиясы жана оңдоо иштери чыгымдарды талап кылат. Сууга төлөм болбосо, системаны кармап турууг

Эмне үчүн биз ичкен суу үчүн төлөшүбүз керек? Бул акча эмнеге кетет? Бул суроолорго Кыргызстандын айыл чарба министрлиги жооп берди: Ичүүчү сууга тарифти төлөө маанилүү, анткени: 1.Насос, түтүк, электр энергиясы жана оңдоо иштери чыгымдарды талап кылат. Сууга төлөм болбосо, системаны кармап турууга каражат жетпей, суу токтоп калышы мүмкүн 2. Суунун сапатын текшерип, тазалап, системанын абалына көз салуу керек. Бул иштер да каржылоону талап кылат 3. Бузулууларды өз убагында жоюу үчүн. Түтүктөр эскирип, насостор иштен чыгат. Тарифтердин аркасында кырсыктарды тез арада жоюп, айыл суусуз калган абалды алдын алууга болот Тариф бул жөн гана суу үчүн төлөм эмес, бул айылдын дайыма таза суу менен камсыз болушу жана системанын үзгүлтүксүз иштеши үчүн төлөм Тариф кантип эсептелет? Ичүүчү суунун тарифи өзүм билемдик менен коюлган эмес. Ал Министрлер Кабинетинин № 320 токтому менен бекитилген методика боюнча эсептелет Тарифти белгилөөдө суу менен камсыздоо ишканасынын бардык чыгымдары эске алынат: Ичүүчү суунун тарифтери мамлекеттик көзөмөлгө алынат: Чыгымдарды толук жабуу менен гана ишенимдүү суу менен камсыздоо, сапаттуу кызмат көрсөтүү жана инфраструктуранын узак мөөнөттүү өнүгүүсүн камсыз кылууга болот


