Бишкектеги Санкт-Петербургдагы “Балтика үйү” театр-фестивалы. Көрүүчүлөрдү эмне күтүп турат -
12-14-июнда Бишкекте Санкт-Петербургдагы «Балтика үйү» театр-фестивалынын «Чоң гастролу» өтөт Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын сахнасында “Секирүүчү”, “Таня”, “Үч адам жана бир шедевр” пьесалары көрсөтүлөт Театрдын чыгармачылык өмүр баяны 1936-жылы Ленин комсомол

12-14-июнда Бишкекте Санкт-Петербургдагы «Балтика үйү» театр-фестивалынын «Чоң гастролу» өтөт Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын сахнасында “Секирүүчү”, “Таня”, “Үч адам жана бир шедевр” пьесалары көрсөтүлөт Театрдын чыгармачылык өмүр баяны 1936-жылы Ленин комсомолу атындагы Ленинград мамлекеттик театры уюшулгандан башталат. Дал 1949-жылы Ленкомдо режиссёр Георгий Товстоногов Ленинградда эмгек жолун баштаган. Жылдар бою бул жерде режиссерлор Владимир Кожич, Михаил Чежегов, Павел Хомский, Ролан Быков, Кама Гинкас, Генриетта Яновская иштешкен 1971-1983-жылдары театрды Геннадий Опорков жетектеген. Театрдын турмушундагы жаркыраган мезгилдердин бири анын ысымы менен байланыштуу. Бул учурда ал театрдын тарыхында түбөлүккө кала турган легендарлуу спектаклдерди койгон: «Жакындарың менен ажырашпа», «Өрдөктөргө аңчылык», «Акыркылар», «Чайка», «Жээк», «Ким үчүн коңгуроо кагылат» жана башка


