Каракчылар жүк ташуучу кемени басып алышты
Белгисиз кылмыштуу топ Сомалинин жээгинде жүк ташуучу кемеге кол салган Бул тууралуу Улуу Британиянын Аскер-деңиз флотуна караштуу деңиз соода транспортун координациялоо борбору (UKMTO) билдирди, деп маалымдайт 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен Окуя Гаракада шаарынан 6 деңиз чакыр

Белгисиз кылмыштуу топ Сомалинин жээгинде жүк ташуучу кемеге кол салган Бул тууралуу Улуу Британиянын Аскер-деңиз флотуна караштуу деңиз соода транспортун координациялоо борбору (UKMTO) билдирди, деп маалымдайт 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен Окуя Гаракада шаарынан 6 деңиз чакырым алыстыкта болгон. Каракчылар кемени колго түшүргөндөн кийин аны менен бирге Сомали багытында көздөн кайым болушкан Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурун UKMTO да Марейо шаарынан түндүк-чыгышта 45 деңиз милясында танкерге каракчылар кол салганы тууралуу маалымат тараткан. Танкерде 18,5 тонна күйүүчү май жана 17 экипаж мүчөсү болгон. Айта кетсек, бул 2011-жылдан бери Сомалинин жээгинде кемелерге жасалган биринчи каракчы чабуулу болду


