Пезешкян: АКШ менен Израил сүйлөшүү процессинде кайрадан кол салышы мүмкүн
Ирандын президенти Масуд Пезешкян менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө аймактык коопсуздук жана эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Жолугушууда Пезешкян Иран кризистерди чечүүдө дипломатияны ар дайым биринчи орунга койгонун, бирок сүйлөшүү пр

Ирандын президенти Масуд Пезешкян менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө аймактык коопсуздук жана эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Жолугушууда Пезешкян Иран кризистерди чечүүдө дипломатияны ар дайым биринчи орунга койгонун, бирок сүйлөшүү процесстери кол салуулардын көлөкөсүндө калганын белгиледи Пезешкян Тегеран жоопкерчилик сезими менен иш алып барарын баса белгилегени менен, мурдагы тажрыйбалар Вашингтон менен Тель-Авивге болгон ишенимди жок кылганын айтты: "Иран өзүнүн жоопкерчилик сезиминин алкагында талаш-тартыштарды диалог жана дипломатия жолу менен чечүү аракетин ар дайым күн тартибинде сактап келген. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШ менен Израил Иранга эки жолу кол салышты. Мындай аракеттин кайталанышы ыктымалдыгы бар" Ирандын президенти бул кол салуулар өлкө ичинде АКШга болгон ишенимдин толук жоголушуна себеп болгонун өзгөчө баса белгиледи Беларустун президенти Александр Лукашенко аймактагы чыңалуунун күчөшүнүн дүйнөлүк коопсуздукка жана экономикага тийгизген терс таасири тууралуу тынчсыздануусун бөлүштү. Талаш-тартыштардын диалог жана сүйлөшүү жолу менен чечилишине үмүт кылганын белгилеген Лукашенко, өз ара ишеним түзүлбөстөн туруктуу жыйынтыкка жетишүүнүн мүмкүн эместигин белгилеп, тараптардын ортосунда ишенимди түзүү аракетинин маанисине басым жасады Жолугушуунун соңунда эки лидер эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалына баа берип, кызматташтыкты кеңейтүү жана жалпы кызыкчылыктардын алкагында консультацияларды күчөтүү керек деген пикирге келишти


