Евровидение 2026нын алгачкы финалисттери
12-майдан 13-майга караган түнү Австриянын Вена шаарында Евровидение-2026 эл аралык ыр сынагынын биринчи жарым финалы болуп, анда 15 катышуучу сынактын финалында өз өлкөсүнүн атынан чыгуу укугу үчүн ат салышкан Көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча финалга Греция, Ф

12-майдан 13-майга караган түнү Австриянын Вена шаарында Евровидение-2026 эл аралык ыр сынагынын биринчи жарым финалы болуп, анда 15 катышуучу сынактын финалында өз өлкөсүнүн атынан чыгуу укугу үчүн ат салышкан Көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча финалга Греция, Финляндия, Бельгия, Швеция, Молдова, Израил, Сербия, Хорватия, Литва жана Польшанын өкүлдөрү чыгышты Эң аз добушту Португалия, Грузия, Черногория, Эстония жана Сан-Маринонун артисттери алды Финалга катыша турган дагы он өлкө 14-майда боло турган сынактын экинчи жарым финалында аныкталат.Мындан тышкары Евровидение 2025тин жеңүүчүсү өлкө катары Франция, Германия, Италия, Улуу Британия, ошондой эле Австрия автоматтык түрдө финалга жолдомо алышат Финал 16-майда Австриянын эң чоң жабык аренасы Wiener Stadthalleде өтөт


