Мураскор ханзааданын өгөй уулу түрмөгө кесилди
Норвегиянын мураскор принцинин өгөй уулу Мариус Борг Хойби төрт жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Reuters Осло сотуна шилтеме берүү менен билдирди Анын айтымында, ал эки жолу зордуктоо жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылган. Хойби эң оор айыптарды, анын ичинде зордуктоо боюнча күнө

Норвегиянын мураскор принцинин өгөй уулу Мариус Борг Хойби төрт жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Reuters Осло сотуна шилтеме берүү менен билдирди Анын айтымында, ал эки жолу зордуктоо жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылган. Хойби эң оор айыптарды, анын ичинде зордуктоо боюнча күнөөсүн мойнуна алган жок жана өкүмгө каршы даттанышы мүмкүн Королдук үй-бүлөнүн өкүлүнө каршы иш 2024-жылы башталып, бара-бара жаңы эпизоддорго ээ болгон. Хойби сексуалдык зордуктоо боюнча айыптоолорду четке кагып, бирок тергөө учурунда баңгизаттын таасири астында жабырлануучулардын бирине физикалык зомбулук көрсөткөнүн мойнуна алды Хойби 2001-жылы энеси Метте-Марит мураскор ханзаада Хоконго үйлөнгөндө падышанын үй-бүлөсүнө кирген


