Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Армениядагы шайлоодо Никол Пашиняндын партиясы 50%дан ашуун добуш алды

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясы парламенттик шайлоодо 50,07% (689 675) добуш алды. Мындай маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы бардык 2005 шайлоо участкасынын маалыматтарын санап чыккандан кийин берди, деп жазат News.am Орусиялык миллиардер Сам

0 көрүүkaktus.media
Армениядагы шайлоодо Никол Пашиняндын партиясы 50%дан ашуун добуш алды
Paylaş:

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясы парламенттик шайлоодо 50,07% (689 675) добуш алды. Мындай маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы бардык 2005 шайлоо участкасынын маалыматтарын санап чыккандан кийин берди, деп жазат News.am Орусиялык миллиардер Самвел Карапетяндын “Күчтүү Армения” альянсы 23,35% (321 597) добуш алса, экс-президент Роберт Кочарян жетектеген “Армения” блогу 9,96% (135 808 добуш) менен үчүнчү орунда Арменияда парламенттик шайлоо кечээ, 7-июнда өттү. Ага 18 саясий күч: 16 партия жана эки альянс катышты. Партиялар үчүн кирүү тоскоолдук 4% деп белгиленген. Үч партияга чейинки блоктор үчүн - 8%, төрт же андан көп партиялардын бирикмелери үчүн - 10% Добуш берүү Москва менен Ереван ортосундагы мамилелердин начарлашынын фонунда өттү. Орусия Пашинянды батышчыл деп айыптоодо. Шайлоодон кийинки түнү Пашинян Армения Евробиримдик менен жакындашуу саясатын улантаарын, бирок Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) калаарын билдирген. «Биз Россия Федерациясы жана Евразиялык экономикалык биримдиктин башка өлкөлөрү менен мамилебизди өнүктүрөбүз», - деп кошумчалады ал

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler