“Адилет” партиясы фейк аккаунттар тууралуу эскертти
“Адилет” партиясы социалдык тармактарда өзүнүн атын мыйзамсыз колдонуп, партиянын расмий өкүлүбүз деп шылтоологон фейк аккаунттар жана баракчалар пайда болгонун жарыялады Партиядан билдиришкендей, бул ресурстар аркылуу партиялык билеттерди берүү, мүчөлөрдү каттоо жана жалпы эле “Адилеттин” ишмердү

“Адилет” партиясы социалдык тармактарда өзүнүн атын мыйзамсыз колдонуп, партиянын расмий өкүлүбүз деп шылтоологон фейк аккаунттар жана баракчалар пайда болгонун жарыялады Партиядан билдиришкендей, бул ресурстар аркылуу партиялык билеттерди берүү, мүчөлөрдү каттоо жана жалпы эле “Адилеттин” ишмердүүлүгү тууралуу жалган маалыматтар тарап жатат. Партия бул эсептердин эч кандай тиешеси жок экенин, алар жарыялаган маалымат ишенимдүү эмес экенин баса белгиледи Жарандар партиянын расмий каналдарына: adilet_partiyasy Instagram аккаунтуна, t.me/adilet_partiyasy Telegram каналына жана adilet-partiyasy.kz сайтына ишенүүгө чакырабыз “Адилет” ошондой эле партиянын атын жана символикасын мыйзамсыз колдонуу, жалган маалымат таратуу жана жарандарды адаштыруу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертти. Ачылган фактылар боюнча материал буга чейин укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген Партия жарандардан жеке маалыматтарын белгисиз адамдарга өткөрбөөнү жана расмий байланыш каналдарын гана колдонууну өтүнөт


