Парламенттик шайлоодо Пашиняндын партиясы жеңишке жетти
Арменияда кечээ өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Никол Пашиняндын батышчыл “Жарандык макулдашуу” партиясы дээрлик 50 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Айрым серепчилердин айтымында, жеңиш Пашинянга Азербайжан менен тынчтык

Арменияда кечээ өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Никол Пашиняндын батышчыл “Жарандык макулдашуу” партиясы дээрлик 50 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Айрым серепчилердин айтымында, жеңиш Пашинянга Азербайжан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн аягына чыгарууга жана Бакунун башкы өнөктөшү болгон Түркия менен мамилени жакшыртууга мандат берет. Ал эми Пашиняндын негизги атаандашы – орус-армян бизнесмени Самвел Карапетяндын “Күчтүү Армения” партиясын колдогондор 23 пайыздан бир аз көбүрөөк болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 3 миллион калкы бар Арменияда шайлоого шайлоочулардын 59 пайызы катышты Никол Пашинян, Армениянын премьер-министри:


