Парламент крематорийлерди киргизүү мөөнөтүн жылдырууну жактырды
3-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары “Сөөк коюу жана сөөк коюу иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда жактырды Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыгүл Эсеналиеванын айтымында, колдонуудагы

3-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары “Сөөк коюу жана сөөк коюу иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда жактырды Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыгүл Эсеналиеванын айтымында, колдонуудагы мыйзамда сөөк коюунун тиешелүү ырым-жырымдарын сактоо менен крематорийлерди куруу мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок учурда Кыргызстанда крематорийлердин иштеши үчүн тийиштүү инфраструктура жок. Мындан тышкары крематорийлерди курууну жана эксплуатациялоону каржылоо булактарын аныктоо, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле аларды жайгаштыруу жана иштетүү тартибин аныктоо маселелерин кошумча изилдөө талап кылынат Буга байланыштуу крематорийлердин ишин жөнгө салуучу эрежелерди ишке ашыруу үчүн тиешелүү уюштуруучулук, укуктук жана инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында, мамлекеттик агенттик крематорийлер боюнча эрежени 2040-жылдын 1-январына чейин убактылуу токтотууну сунуштайт


