Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кабыл алды
Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жарандык-процесстик кодексине, Жазык-процесстик кодексине, “Аскер кызматчыларынын жана аскердик кызмат өтөөгө милдеттүүлөрдүн, окууга жана атайын даярдыктан өтүүгө чакырылган адамдардын өмүрүн жана ден соолугун ми

Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жарандык-процесстик кодексине, Жазык-процесстик кодексине, “Аскер кызматчыларынын жана аскердик кызмат өтөөгө милдеттүүлөрдүн, окууга жана атайын даярдыктан өтүүгө чакырылган адамдардын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, кабыл алышты Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Курманалиева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 3-майындагы жана 2020-жылдын 22-июлундагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында даярдалган Мыйзам долбоору жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдерин кайра кароо үчүн негиздердин тизмесинен прокурордун жана тергөөчүнүн актыларын алып салуу сунушталууда. Ошондой эле Жазык-процесстик кодексине, эгерде мындай учурлар камсыздандыруу суммаларын төлөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн маанилүү болсо, айрым процесстик негиздер боюнча жазык иштерин кыскартуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Мындан тышкары, камсыздандыруу жагынан камсыздандыруу окуясы камсыздандырылган адам тарабынан атайылап жасалган кылмыштын натыйжасында келип чыккан жана мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен тастыкталган учурда гана камсыздандыруучу камсыздандыруу суммасын төлөөдөн бошотулат деп түшүндүрүлөт Муну менен катар депутаттар “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2025-жылдын 4-июнундагы чечимин ишке ашыруунун алкагында даярдалган. Ошентип, апелляциялык инстанцияда да сот актыларына даттануу тартибин жөнгө салуу бөлүгүндө жазык-процесстик мыйзамдарды шайкеш келтирүү сунушталууда


