Пакистан эркиндикти токтотууну суранды
АКШ Пакистандын өтүнүчү менен 4-майда башталган “Эркиндик долбоору” операциясын токтотту. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдирди «Пакистандыктар: «Эгерде силер «Эркиндик» долбоорун токтотсоңор, биз бир пикирге келе алабыз деп ойлойбуз» дешти. Биз алар менен жарым жолдо жолукт

АКШ Пакистандын өтүнүчү менен 4-майда башталган “Эркиндик долбоору” операциясын токтотту. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдирди «Пакистандыктар: «Эгерде силер «Эркиндик» долбоорун токтотсоңор, биз бир пикирге келе алабыз деп ойлойбуз» дешти. Биз алар менен жарым жолдо жолуктук жана аны токтотууга макул болдук», - деди Рубио NBC News телеканалына берген маегинде 4-майда Америка Кошмо Штаттары "Эркиндик долбоору" операциясын баштады, анда америкалык аскерлер Ормуз кысыгында коммерциялык кемелерди коштоп жүрмөкчү. 6-майга караган түнү Трамп Truth Social баракчасына Иран менен келишимди жыйынтыктап, кол коюуга болорун көрүү үчүн "Эркиндик" операциясы кыска мөөнөткө тындырыларын жазды


