Пашиняндын Орусияга кайрылуусу | Чет элдик кабарлар
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусия менен болгон карым-катнаштардагы акыркы көйгөйлөрдүн конструктивдүү түрдө каралып, чечилээрине үмүттөнөөрүн билдирди Пашинян Орусиянын Екатеринбург шаарында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен болгон жолугушуусунда Армения-Орусия карым
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусия менен болгон карым-катнаштардагы акыркы көйгөйлөрдүн конструктивдүү түрдө каралып, чечилээрине үмүттөнөөрүн билдирди Пашинян Орусиянын Екатеринбург шаарында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен болгон жолугушуусунда Армения-Орусия карым-катнаштары тууралуу билдирүү жасады Жолугушуунун Арменияда өткөн шайлоодон кийин эки өлкөнүн карым-катнаштарында күн тартибин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн бергенин белгилеген Пашинян : «Албетте, мурда да айткандай, бардык маселелерди жана нюанстарды талкуулоо жана ачыктоо үчүн конструктивдүү мамиледебиз»,-деди. деди ал Пашинян Орусияда өткөрө турган жолугушууларда кээ бир маанилүү темаларды талкуулай тургандарын түшүндүрүп: «Армения-Орусия карым-катнаштарында акыркы убакта кээ бир көйгөйлүү маселелер пайда болду. деди ал Мишустин жолугушууда сөз сүйлөп, Армениядагы шайлоонун жыйынтыгына ылайык түзүлүүчү жаңы өкмөттүн Орусия-Армения карым-катнаштарынын достук, жакшы коңшулук жана өз ара урматтоо духунда ырааттуу өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү күтүшкөндөрүн айтты Орусия жакында эле ден соолук боюнча мыйзам бузуулар аныкталган деген жүйө менен Армениядан түрдүү азыктарды, анын ичинде минералдык сууларды, алкоголдук ичимдиктерди, жашылча-жемиштерди импорттоого чектөө киргизди *Кабарда ААнын архивдик сүрөтү колдонулган


