“Манаска” баруучу каттамдагы жарыктандыруу “Кыргызстан аэропортторунун” эсебинен жаңыланат
“Манас” аэропортун Бишкек менен байланыштырган каттамда тышкы жарыктандырууларды алмаштыруу иштери башталды. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди Анын айтымында, өлкөнүн башкы аба портуна баруучу жол Кыргызстандын негизги транспорттук а

“Манас” аэропортун Бишкек менен байланыштырган каттамда тышкы жарыктандырууларды алмаштыруу иштери башталды. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди Анын айтымында, өлкөнүн башкы аба портуна баруучу жол Кыргызстандын негизги транспорттук артерияларынын бири болуп саналат. Анын жанынан күн сайын миңдеген жүргүнчүлөр, республиканын тургундары жана коноктору өтөт Ал ошондой эле Бишкек мэриясы менен тыгыз байланышта иш жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Долбоор «Кыргызстандын аэропорттору» ААК тарабынан каржыланып, тирөөчтөрдү орнотуу жана жарык берүүчү жабдууларды орнотуу борбордун муниципалдык кызматына жүктөлгөн


