Крокус иши боюнча соттолгон Юсуфзода өз жанын кыйган
Москванын жанындагы Crocus City Hall концерттик залында болгон теракт боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган адам өз жанын кыйганын РБКга Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын Москвадагы башкы башкармалыгы билдирди "Жеринде жандандыруу иш-чаралары жүргүзүлдү, бирок натыйжа болгон жок. Учурда текшер

Москванын жанындагы Crocus City Hall концерттик залында болгон теракт боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган адам өз жанын кыйганын РБКга Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын Москвадагы башкы башкармалыгы билдирди "Жеринде жандандыруу иш-чаралары жүргүзүлдү, бирок натыйжа болгон жок. Учурда текшерүү жүрүп жатат, жыйынтыгы бүгүн чыгат", — деп айтылат маалыматта Жаза аткаруу федералдык кызматынын маалыматына караганда, алар окуя тууралуу байкоо камераларынан билишкен. Жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамга ылайык соттолгон адамдын аты-жөнү ачыкталбайт Матросская Тишина СИЗОсунда өз жанын кыйган Crocus City Hallдагы теракт боюнча ишке тиешеси бар адам мурда өмүр бою эркинен ажыратылган Якубжони Давлатхон Юсуфзода болуп чыкты, деп билдирди жабырлануучулардын кызыкчылыгын коргогон адвокат Даниел Готье РБКга. Бул ишке тиешеси бар дагы бир адам Жабраил Аушев өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок СИЗОнун кызматкерлери тарабынан дароо табылып, куткарылып калган. Готье тактагандай, бул Аушевдин өз өмүрүнө кол салууга жасаган биринчи аракети эмес – ал буга чейин 12-мартта, өкүм чыккан күнү аракет кылган Юсуфзода 2024-жылдын 31-мартында кармалган; кармалган учурда ал киши 25 жашта болгон. Юсуфзода Тажикстанда туулган жана бул өлкөнүн жараны болгон. Ал киши үй-бүлөлүү жана үч балалуу болгон. Кармалган учурда, тергөөчүлөрдүн айтымында, Юсуфзода бейрасмий түрдө курулушта иштеген жана Москвада убактылуу каттоодо турган


