Ош шаарында заманбап футбол аренасы курулат
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Ош шаарында заманбап футбол аренасы курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти Бүгүн мэр Жанарбек Акаев менен Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте курула турган заманбап футбол арен

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Ош шаарында заманбап футбол аренасы курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти Бүгүн мэр Жанарбек Акаев менен Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте курула турган заманбап футбол аренасынын долбоору жана курулуш үчүн каралган жер тилкеси менен жеринде таанышты Шаар башчысы долбоорду ишке ашырууда Ош шаарынын мэриясы тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди Ошондой эле калаа башчы президент Садыр Жапаров жаштар үчүн 5200 орундуу "Ош арена" спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү жайдын курулушун колдогонун белгилеп, бул долбоор шаардагы спорт менен маданияттын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөрүн билдирди Жаңы футбол аренасы келечекте республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн заманбап спорттук жайлардын бири болуп, өлкөдө футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот Мындан тышкары, алар А.Момунов атындагы академиядагы жаш футболчулардын машыгуу шарттарын көрүп, жаңы курула турган трибуна жана келечектеги долбоорлор менен таанышты


