Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Ош: Чет жакка жумушка жөнөтүүчү окуу борборун жабуу талабы коюлду

4-июнда Ош шаарында 100дөй студент “Империал” окуу борборунун жабылышын талап кылып чыгышты. Алардын айтымында, борбор Германияга жумушка жиберүүнү убада кылып, акы алып, окуткан, бирок ал жерде жылдап окуганы менен аталган өлкөгө жумушка кете албай калышкан Өзүн Арлен Абылкасымов деп тааныштырган

0 көрүүazattyk.org
Ош: Чет жакка жумушка жөнөтүүчү окуу борборун жабуу талабы коюлду
Paylaş:

4-июнда Ош шаарында 100дөй студент “Империал” окуу борборунун жабылышын талап кылып чыгышты. Алардын айтымында, борбор Германияга жумушка жиберүүнү убада кылып, акы алып, окуткан, бирок ал жерде жылдап окуганы менен аталган өлкөгө жумушка кете албай калышкан Өзүн Арлен Абылкасымов деп тааныштырган студент Германияга эки жылдан бери кете албай жүргөнүн, башка окуу жайга да тапшырбаганын, убакыттан уттурганын "Азаттыкка" билдирди: "Мен 2024-жылы ноябрда тапшыргам. Азыр 2026-жылдын жарымы бүтүп жатат. Германияга кетем деп коллежди бүтүп, жогорку окуу жайга дагы тапшырган жокмун. Бир жыл жөн эле күтүп олтурдум. Бүгүн “Империал” жабылсын деп келдик” Нааразылыгын борбордо иштеген мугалимдер да билдирүүдө "Мен бул окуу борборунда 10 жылдан бери иштейм. Эки жылдан бери Германияга жумушка кетпей калган, акчасын ала албай калган студенттер аябай көбөйүп кетти. Биз көп студентти окутабыз, себеби директорубуз аларды Германияга жумушка жөнөтөм деп убада берет. Былтыр мен окуткан студенттердин көпчүлүгү барбай калды. Азыр ушунча студент көздөрүн кызартып, ыйлап олтурат. Алар төлөгөн пулуна эмес, кетирген убактысына күйүп жатышат. Жабыркагандар аябай көп, директор азыр жумушка жөнөтөм деп эч кимге кепилдик бере албайт”, - дейт мугалим Акнаар Замирбек кызы Мугалимдердин айтымында, аталган окуу борборунда 350дөй студент немис тилин үйрөнүп, окуду. Быйыл алардын болгону 50гө чукулу виза алып жумушка барат "Империалдын" директору Назгүл Бакир кызы "Азаттыкка" кыска комментарий берип, студенттер жакында Германияга жиберилерин айтты: “Бизде студенттер менен бир аз келишпестик болду. Кимдир бирөөлөр күүлөшкөнбү, эмне болгон, билбейм. Германияга студенттер кетип башташкан. 3-июндан жөнөтүлөт. Студенттер кеткени жетишет болчу, бирок шаштырып коюшту" Студенттер "Империал" окуу борборуна жаңы киргенде 15 миң сом, андан кийин ай сайын 3 миң сомдон төлөп окушкан. Алар акчасын кайтарып беришин, ал эми бийликти бул жайды текшерүүсүн талап кылууда Директордун үстүнөн 3 мугалим милицияга кайрылган Кыргызстанда студенттер Германияга кыска убакытка жана бир нече жылдык иштерге иштөө үчүн барышат. Аларга атайын окуу борборлор тил үйрөтүп, Германиядан иш таап беришет.(NK/ZKo)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler