Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Орусиянын Украинага соккусунан кеминде тогуз адам мерт болду

Орусия Украинанын аймактарына, анын ичинде ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган чиркөөгө урган соккусунан кеминде тогуз адам мерт болду. Орусиянын чабуулу АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүп, согушту токтотууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдиргенден кийин бир нече саат

0 көрүүazattyk.org
Орусиянын Украинага соккусунан кеминде тогуз адам мерт болду
Paylaş:

Орусия Украинанын аймактарына, анын ичинде ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган чиркөөгө урган соккусунан кеминде тогуз адам мерт болду. Орусиянын чабуулу АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүп, согушту токтотууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдиргенден кийин бир нече сааттан кийин жасалды Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко орусиялык соккудан Харьковдо беш куткаруучу мерт болуп, дагы кеминде беш адам жараат алганын билдирди "Харьковдо Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматтын беш куткаруучусу Орусиянын соккусунан чыккан өрттү өчүрүү учурунда тынымсыз урулган соккудан мерт болушту. Кеминде дагы беш адам жараат алышты", - деп жазды Клименко Телеграмга Бийлик Харьковдогу көркөм музейге жасалган соккудан алты адам жараат алганын, ичинде ымыркай да бар экенин маалымдады "Өрт музейдин 1200 чарчы метрин каптады, өчүрүү иштери уланып жатат", - деп маалымдады украин ӨКМи Киевдин мэри Виталий Кличко 15-июнга караган түндөгү "ири" соккудан шаардын дээрлик бардык райондорунда өрт чыкты. Төрт адам мерт болуп, 23 адам жараат алганы кабарланды Бул аралыкта Украина Кремлдин согушту каржылоого колдонгон каражат агымын токтотуу максатында Орусиянын өндүрүш жана энергетикалык обьекттерин аткылоону улантты Туланын губернатору Дмитрий Миляев Telegram баракчасында украиналык дрондун соккусунан үч адам мерт болуп, дагы үч киши жараат алганын билдирди. Азырынча аймакта кандай обьекттерге сокку урулганы так белгисиз. Тулада бир нече ири өндүрүш ишканалары бар, алар Украинанын бутасына улам кабылып келет 15-июндун таңында ошондой эле Херсондогу Кремль дайындаган бийликтер украин дрондору эки көпүрөнү кыйратканын, транспорт токтотулганын маалымдашты Согуш шартында бул маалыматтарды ырастоо мүмкүн эмес АКШ президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путин жана Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен өз өзүнчө сүйлөштү. Ал 14-июндагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө тынчтыкты орнотууга жардамдашууга даяр экенин айтканын Кремлдин кеңешчиси Юрий Ушаков билдирди

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler