Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Орусияда патриоттук тарбияга жумшалган чыгым 20 эсе өстү

Украинага каршы согуш баштагандан бери Орусия патриоттук тарбия берүүгө мурдагыдан 20 эсе көп акча бөлүп келатат. 2021-жылы андай максатка бийлик 3,4 млрд рубл коротсо, быйыл 70 млрд рубл жумшады. Мындай сандарды бейшембиде «Новая газета» басылмасы чыгарды. Гезит жылдары бул жаатта түзүлгөн контракт

0 көрүүazattyk.org
Орусияда патриоттук тарбияга жумшалган чыгым 20 эсе өстү
Paylaş:

Украинага каршы согуш баштагандан бери Орусия патриоттук тарбия берүүгө мурдагыдан 20 эсе көп акча бөлүп келатат. 2021-жылы андай максатка бийлик 3,4 млрд рубл коротсо, быйыл 70 млрд рубл жумшады. Мындай сандарды бейшембиде «Новая газета» басылмасы чыгарды. Гезит жылдары бул жаатта түзүлгөн контракттарды изилдеп чыкты Маалыматка караганда, «Биз чогуубуз» деген федералдык долбоорго чегерилген 70 млрд рублдин ири бөлүгүн Интернетти өнүктүрүү институту алган, 10 млрд «Биринчилердин кыймылына», дагы 7,4 млрд патриоттук тарбия системасынын алкагындагы программаларга бөлүнгөн Ошол акчанын эсебинен аскерлешкен фестивалдар, ок атуу полигондорун жабдуу, балдардын аскердик лагерлерин уюштуруу, сериал, видео роликтерди тартуу, «ар кыл деңгээлдеги» концерттерди өткөрүү каржыланат Гезит мисал катары Пензада 180 миң рублга Сергей Митрофанов деген ырчынын концерти уюштурулганын келтирет. Красноярск крайында Александров ансамблинин концертине бир миллион рубл сарпталган Новосибирскиде Калашников автоматынын макеттерин сатып алышса, Ленинград облусунда мина аныктоочу жабдыктарды, дрондорду, лазердик тирлерди алууга бир топ каражат жумшалган Ишим шаарында 12 миллон рублга бронепоезддин макетин курушкан, Липецкиде миллион рублга үйлөнмө «Катюша» комплексин тургузушкан «Азаттык» жакында жарыялаган репортажда "Служу России" деп ант берген “юнармиячылар” учурда Кыргызстандагы Кант авиабазасында машыкканы тууралуу баяндалган 6-7 жаштан 18ге чейинки окуучулар курал атуу, жарадарларга жардам берүү сыяктуу согуштук көндүмдөргө үйрөтүлөт. Айрым серепчилер соңку жылдары Орусия Кыргызстанда өз идеологиясын активдүү пропагандалап жатат дешет. Ал арада Кыргызстандагы улуттук борбор, китепканалар “Жеңиш диктанты”, “Географиялык диктант” акциялары менен Орусиянын пропагандасын жайылтууга активдүү салым кошууда

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler