Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Орусияда медкароодон өтпөгөн мигранттарга ири өлчөмдө айып салынат

Чет элдик жаран - мигрант Орусиянын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү медициналык кароодон өтүү жөнүндө талаптарды аткарбаганы үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү Ага ылайык, эгер мигрант милдеттүү медициналык кароодон өтпөсө, эгер бул аракети кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш-аракеттерди камтыбаса, а

0 көрүүazattyk.org
Орусияда медкароодон өтпөгөн мигранттарга ири өлчөмдө айып салынат
Paylaş:

Чет элдик жаран - мигрант Орусиянын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү медициналык кароодон өтүү жөнүндө талаптарды аткарбаганы үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү Ага ылайык, эгер мигрант милдеттүү медициналык кароодон өтпөсө, эгер бул аракети кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш-аракеттерди камтыбаса, анда 25 миңден 50 миң рублге чейинки административдик айып пул төлөйт. Орусиядан депортацияланышы дагы ыктымал Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдап, Орусиядагы кыргызстандыктарга жаңы өзгөртүүлөр тууралуу эскертти Мекеменин сайтындагы билдирүүдө айтылгандай, эгер мигрант административдик айып пулду белгиленген мөөнөттө төлөбөй койсо, ага айып пулдун эки эселенген өлчөмүндө айып пул салынат жана Орусиядан депортация болот Мындан тышкары, медициналык кароодон өткөнүн, жугуштуу оорулардын жоктугун ырастаган расмий документтерди (медициналык маалымдамаларды) жасаганы жана сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, 1-сентябрдан баштап, Орусияда 90 күндөн ашык жүрүүнү көздөгөн чет элдик жаран өлкөгө кирген күндөн тартып 30 күн ичинде медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган.(ZKo)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler