Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Орусияда Чебоксары шаары канаттуу ракеталардын соккусуна кабылды

Орусиянын Украинадан жүздөгөн километр алыс жерде орун алган бир нече аймагы 5-майга караган түнү аба соккуларына туш болду Чувашиянын борбору Чебоксары шаарында "ВНИИР-Прогресс" ишканасы түн ичинде жана эртең менен чабуулга кабылганын, өрт тутанганын украиналык Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм

0 көрүүazattyk.org
Орусияда Чебоксары шаары канаттуу ракеталардын соккусуна кабылды
Paylaş:

Орусиянын Украинадан жүздөгөн километр алыс жерде орун алган бир нече аймагы 5-майга караган түнү аба соккуларына туш болду Чувашиянын борбору Чебоксары шаарында "ВНИИР-Прогресс" ишканасы түн ичинде жана эртең менен чабуулга кабылганын, өрт тутанганын украиналык Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдары жазды. Башка булактар FP-5 "Фламинго" канаттуу ракеталары колдонулганын маалымдашты. Андан тышкары шаарда коллеж имараты да жабыркады Кийинчерээк украин президенти Владимир Зеленский сокку "Фламинго" ракеталары менен урулганын бышыктап, алар 1 миң 500 километр аралыкты учуп өтүп аскердик ишканага тийгенин жазды Орусиянын Тергөө комитети Чебоксарыда шейшембидеги чабуулдан каза тапкандар менен жаракат алгандар болгонун билдирди Интернетте пилотсуз учактардын бири көп кабаттуу турак жайга тийген видео жарыяланды ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, ал имарат "ВНИИР-Прогресс" заводуна жакын жерде жайгашкан Аймактын саламаттыкты сактоо мекемеси адегенде 3 киши жарадар болгонун билдирген. Baza басылмасы эки киши набыт болгонун, 34ү жараланганын кабарлады "ВНИИР-Прогресс" радиоэлектрондук товарларды, анын ичинде армия колдонгон дрондорду коргогон антенна, спутник сигналдарын кабыл алган жабдыктарды чыгарат Украин куралдуу күчтөрү ал жакта спутник системаларынын тетиктери жасаларын белгилеген Сөз болгон ишкана былтыр бир нече жолу жана быйыл февралда да бутага алынган Шейшембиге оогон түнү Ленинград облусундагы мунай иштетүүчү ишканага сокку урулганын жергиликтүү бийлик билдирди Брянскиде, маалыматка караганда, эки киши жарадар болду Украинадан дээрлик 2000 километрдей алыс орун алган Ханты-Мансийск автономдуу округунда биринчи жолу ракета коркунучу жарыяланды Украин аскерлери соккуларды азырынча комментарийлеген жок. Адатта алар согуш ачкан Орусиянын армиясын камсыздаган жайларды аткылай турганын айтышат

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler