Орусия менен Украина бири-бирин аткылады. Бир нече киши каза тапты, ондон ашууну жараат алды
Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксенов соңку чабуулдардан Симферополдо үч киши каза таап, жетөө жараат алганын билдирди Анын айтымында, украин күчтөрү эл жашабаган объектилерге сокку урган, ал жерде ыкчам кызматтар иштеп жатат Аксеновдун маалыматына ка

Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксенов соңку чабуулдардан Симферополдо үч киши каза таап, жетөө жараат алганын билдирди Анын айтымында, украин күчтөрү эл жашабаган объектилерге сокку урган, ал жерде ыкчам кызматтар иштеп жатат Аксеновдун маалыматына караганда, дагы бир киши Азовдон Керч шаарына багыт алган поездге дрон соккусунда каза тапты, үчөө түрдүү жаракат алды "Крымский ветер" Телеграм каналы Феодосия менен Керчте да жарылуулардын добушу угулганын жазып, Севастополдун Жеңиш паркынын аймагындагы соккулар деген видеолорду жарыялады. Маалыматка караганда, бул аймакта "Панцирь" зениттик-ракеталык комплекси жайгашкан Севастополдун Орусиянын бийлиги дайындаган башчысы Михаил Развозжаев абадан коргонуу күчтөрү дрон чабуулдарынын мизин кайтарып жатканын жазды. Анын билдирүүсүндө, Севастополдун Түндүк тарабындагы бакча коомчулугунун бирине атып түшүрүлгөн дрондун сыныгы тийди, Фруктовое кыштагында үйдүн фасадына зыян келтирилди Орусиянын Брянск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Егор Ковальчук Украинанын Куралдуу күчтөрү Стародуб кыштагын FPV-дрондору менен аткылаганын, турак жай зыян тартканын, бир аял жараат алып, ооруканага жаткырылганын билдирди Орус Коргоо министрлиги 4-июнга караган түнү Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Курск, Нижегород, Орел, Ростов, Рязан жана Тамбов облустарында, аннексияланган Крым менен Кара деңиз, Азов деңизинин акваториясында 272 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады Украинанын армиясы бейшембиге караган түнү Орусия өлкө аймагына баллистикалык ракета жана 300дөй дрон менен сокку урганын, анын 264ү кармалып же атып түшүрүлгөнүн маалымдады. 11 жерге баллистикалык ракета менен 24 дрон тийген Херсондо турак жайга соккуда 12 жаштагы бала жараат алып, бейтапканага жеткирилди. Борисполдо өнөр жай объектисине чабуулда бир кызматкер жаракат алды, ал жердеги өрттү өчүрүү аракети уланууда Днепропетров облусунун Павлоград шаарында көп кабаттуу үйдүн эки батиринде өрт тутанып, эки киши жабыркады. Днепр районунда кампа өрттөндү, Синельников районунда көп кабаттуу турак жай, жер там жана инфраструктура оъектилерине зыян келтирилди Чернигов облусунун Семеновка шаарында Орусиянын соккусуна кампанын имараты күйүп кетти, Понорницк жамаатында чарба курулушу өрттөндү Одесса облусунда критикалык инфраструктура объектисине сокку урулду, бактыга жараша жабыркагандар болгон жок Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат


