Ормуз катып калды
Жекшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен жаңжалды жөнгө салуунун келечеги тууралуу айткандан кийин Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин кыймылы дээрлик толугу менен токтоду. Бул тууралуу Bloomberg деңиз транспортунун кыймылына көз салуу боюнча маалыматтарга таянуу менен жазат 3-майда АКШ п

Жекшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен жаңжалды жөнгө салуунун келечеги тууралуу айткандан кийин Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин кыймылы дээрлик толугу менен токтоду. Бул тууралуу Bloomberg деңиз транспортунун кыймылына көз салуу боюнча маалыматтарга таянуу менен жазат 3-майда АКШ президенти жаңжалды жөнгө салуу боюнча Вашингтондун сунуштарына Ирандын жообун кабыл алаары күмөн экенин, анткени Тегеран “жетиштүү бааны” төлөгөн жок деп билдирди Ишемби күнү тогуз кеме деңиз коридорун эки тарапка тең колдонсо, жекшемби күнү Bloomberg эки гана ирандык соода кемесинин өткөнүн жазды. Ошол эле учурда агенттик белгилегендей, акыркы жумаларда көптөгөн кемелер транспондерлери өчүрүлгөн абалда кысык аркылуу өтүп жатат Bloomberg Трамптын билдирүүсүнөн кийин Ормуз кысыгында чексиз навигацияны тез арада калыбына келтирүүгө болгон үмүт солгундап кеткенин жазат


