Ордуда нааразы болгон эшек ээсин жерге ыргытып жиберди
24-апрель күнү саат 17.30дар чамасында Ордунун Аккуш районундагы Кызылелма махаллеси Шыхмыр көчөсүндө болгон окуяда 35 жаштагы Мурат Айдын эртең менен бакчага таштап кеткен эшегин кечинде үйүнө алып кетмекчи болгон Ангыча эшек ызаланып, Айдын жыгылды. Эшек ээсин бир топко сүйрөп кетти. Тегеректеги

24-апрель күнү саат 17.30дар чамасында Ордунун Аккуш районундагы Кызылелма махаллеси Шыхмыр көчөсүндө болгон окуяда 35 жаштагы Мурат Айдын эртең менен бакчага таштап кеткен эшегин кечинде үйүнө алып кетмекчи болгон Ангыча эшек ызаланып, Айдын жыгылды. Эшек ээсин бир топко сүйрөп кетти. Тегеректегилер эшекти кармай албай кыйналса, Мурат Айдын аман калган "Ал ордунан туруп, мени аркасынан ыргытып жиберди" Мурат Айдын башынан өткөргөндөрүн түшүндүрүп жатып буларды айтты: Бүгүн эртең менен эшегимди бакчага таштап кеттим. Кечинде алып кеткени барсам, ал капысынан туруп, мени аркасынан ыргытып жиберди. Кошуналарымдын жардамы менен кармап алдык. Бактыга жараша жаракат албай кутулуп кеттим. Быйыл кыш узакка созулуп, мал көп чыга албай калды. Ден соолугу чың болгондуктан ушундай кылган Ал эми болгон окуя жакын жердеги үйдүн коопсуздук камерасында чагылдырылган


