Орбан кайра шайланды
Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбан "Фидес" партиясынын лидери болуп кайра шайланганын партиянын басма сөз кызматы Фейсбукта билдирди HirTV Орбан бул кызматка жалгыз талапкер болгонун тактайт. Ал бир жылдык мөөнөткө кайра шайланды. Жарактуу болгон 737 бюллетендин 729 добушун алган Ор

Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбан "Фидес" партиясынын лидери болуп кайра шайланганын партиянын басма сөз кызматы Фейсбукта билдирди HirTV Орбан бул кызматка жалгыз талапкер болгонун тактайт. Ал бир жылдык мөөнөткө кайра шайланды. Жарактуу болгон 737 бюллетендин 729 добушун алган Орбан шайлангандан кийин партияны кайрадан шайлоодо жеңишке жетүүгө жөндөмдүү саясий күч катары жаш муундарга өткөрүп берүүнү өзүнүн милдети деп эсептей турганын айтты, деп жазат МадьярНемзет. Анын айтымында, партиянын жетекчилигинде муун алмашуу болушу керек жана ал жаңы бир жылдык мандатында бул өтүүнү камсыз кылууну көздөп жатат Орбан ошондой эле саясий көз карашын өзгөрткүсү келбей турганын жана дагы эле Венгриянын эгемендигин коргоону өзүнүн миссиясы деп эсептей турганын баса белгиледи Фидес 2026-жылдын апрелиндеги парламенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин Петер Мадьяр Венгриянын премьер-министри болгон


