Ирандын мурдагы жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу датасы белгиленди
Ирандын мурдагы диний лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты 4-июлда Тегеранда башталат Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы билдирди Маалыматка ылайык, алгачкы коштошуу зыйнаты 4 жана 5-июлда Тегеранда Хомейни соборунун мечитинде болот Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ирандын б

Ирандын мурдагы диний лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты 4-июлда Тегеранда башталат Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы билдирди Маалыматка ылайык, алгачкы коштошуу зыйнаты 4 жана 5-июлда Тегеранда Хомейни соборунун мечитинде болот Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ирандын борборунда 6-июлда, ал эми эртеси шииттер үчүн ыйык Кум шаарында өтөт Маркумду көмүү 9-июлда Хаменеинин кичи мекени Мешхедде аяктап, ал жерге коюлат Эскерте кетсек, 1-мартта Иран бийлиги жогорку лидердин каза болгонун жарыялап, 40 күндүк улуттук аза күтүү жарыялаган. Согуш учурунда аятолла Али Хаменеинин Тегерандагы башкы резиденциясына жана административдик комплексине 30дай бомба ташталганы кабарланууда


