“Open Ulaanbaatar” рейтингдик турниринде Кыргызстандын балбандары дагы 2 медалга ээ болушту
7-июнда Монголияда өткөн Open Ulaanbaatar рейтингдик турниринде мелдештин жыйынтыгында эркин күрөш боюнча кыргызстандык спортчулар Аден Сакыбаев коло жана Рустамжан Кахаров күмүш медалга ээ болушту Рустамжан Кахаров 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Алгачкы беттеште мекендеши Аде

7-июнда Монголияда өткөн Open Ulaanbaatar рейтингдик турниринде мелдештин жыйынтыгында эркин күрөш боюнча кыргызстандык спортчулар Аден Сакыбаев коло жана Рустамжан Кахаров күмүш медалга ээ болушту Рустамжан Кахаров 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Алгачкы беттеште мекендеши Аден Сакыбаевди 6:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда Казакстандын өкүлү Родион Анчугинди 4:3 эсебинде утуп алды Жарым финалда Кахаров Монголиянын спортчусу Усухбаатар Баатархүү менен беттешип, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Финалда Рустамжан Кахаров Монголиянын өкүлү Тулга Тумур-Очир менен беттешмек, бирок алган жаракатынан улам мелдешке чыга албай, күмүш медаль тагынды Аден Сакыбаев да 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Биринчи кармашта Рустамжан Кахаровго 1:6 эсебинде жеңилип калган Кайталоо беттеште Сакыбаев казакстандык спортчу Родион Анчугинди 8:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алды. Коло медаль үчүн болгон күрөштө монгол балбаны Усухбаатар Баатархүү менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңип, рейтингдик турнирдин коло медалына ээ болду


