Өмүрзаков Ош облусунда жарандардын массалык түрдө жугуштуу ооруга чалдыкканын болжолдойт
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков саркынды суулардын айынан жарандар массалык түрдө жугуштуу ооруга чалдыгат Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында ал Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында таштанды таштоочу жай Тар дарыясынын так жээгинде жайгашканын билдирди. Анын айтымында, саркынды суул

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков саркынды суулардын айынан жарандар массалык түрдө жугуштуу ооруга чалдыгат Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында ал Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында таштанды таштоочу жай Тар дарыясынын так жээгинде жайгашканын билдирди. Анын айтымында, саркынды суулар жана таштандылар түз эле дарыяга агып, анын суусун жүздөгөн адамдар ичет, анда балдар сүзүшөт "Бул тууралуу жергиликтүү бийликке көп жолу айттым, алар көңүл бурушпайт. Эртең массалык инфекция болушу мүмкүн, адамдар ооруп калышат. Ал жерге күнүгө тонналаган таштандылар төгүлөт. Полигонду тез арада көчүрүү керек!" – деди Өмүрзаков Ал ошондой эле Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун тургундары кайрылып жатканын билдирди. Аларды көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун темпи жогору болгондуктан борбордук канализациянын жоктугу тынчсыздандырууда «Алар бул жер астындагы суулардын булганышына жана ден соолугуна терс таасирин тийгизет деп кооптонушат», - деди депутат


