Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстандын Акыйкатчысы Түркиядагы кесиптешинен кармалган кыргызстандыктын укугун коргоону суранды

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Түркиянын Башкы Акыйкатчысы Мехмет Акаржага Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановдун Анкарада кармалышы боюнча кат жолдоду Белгилей кетсек, 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов 2026-жылдын 22-майында Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэ

0 көрүүknews.kg
Кыргызстандын Акыйкатчысы Түркиядагы кесиптешинен кармалган кыргызстандыктын укугун коргоону суранды
Paylaş:

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Түркиянын Башкы Акыйкатчысы Мехмет Акаржага Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановдун Анкарада кармалышы боюнча кат жолдоду Белгилей кетсек, 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов 2026-жылдын 22-майында Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортунда жубайы жана үч баласы менен Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр авиакаттамында баратканда кармалган Эрмек Сабыржановдун жакындары Жамийла Жаманбаева менен жолугуп, анын укугун коргоого жардам берүүнү суранышты Акыйкатчы катында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Акыйкатчы институттарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде Мехмет Акаржадан Кыргызстандын жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү суранган «Кармалган Кыргызстандын жаранынын жакындары бүгүнкү күнгө чейин анын кармалышынын негиздери жана жагдайы тууралуу маалымат ала албай жатканына тынчсызданышууда.Мындан тышкары аны менен жактоочу аркылуу жолугушуу уюштуруу аракети да жыйынтык берген жок», - деп белгиледи Жамиля Жаманбаева Жамиля Жаманбаева ошондой эле Эрмек Сабыржановдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, КР Тышкы иштер министрлигине кат жолдоду

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler