Олгун Амчаоглу: Түркия менен энергетика жана айлана-чөйрө тармагында кызматташуубузду улантабыз
Экономика жана энергетика министри Олгун Амчаоглу Түркияда өткөрүлгөн «Өнөр жайдагы жашыл трансформация: нөл калдык жана айланма экономика перспективасы» аттуу министрлер жыйынына катышты. Амчаоглу Түркия Республикасы менен эт менен тырмактай иштешүүнү уланта тургандарын баса белгиледи Министрликт

Экономика жана энергетика министри Олгун Амчаоглу Түркияда өткөрүлгөн «Өнөр жайдагы жашыл трансформация: нөл калдык жана айланма экономика перспективасы» аттуу министрлер жыйынына катышты. Амчаоглу Түркия Республикасы менен эт менен тырмактай иштешүүнү уланта тургандарын баса белгиледи Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Амчаоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасына кайтып келгенден кийин министрликтин басма сөз кызматы аркылуу өзү катышкан министрлер жыйыны тууралуу маалымат берип, «Жыйналышта катышуучуларга жашыл трансформациянын бир гана экологиялык мамиле катары каралбашы керектигин, өнөр жай, технология жана экономикалык саясаттардын да ушул процесске ылайык калыптанганын түшүндүрдүк»,-деди Амчаоглу жолугушууда Түндүк Кипрдин кайра жаралуучу энергия тармагындагы потенциалына көңүл бурушкандарын жана жылына болжол менен 330 күн күн тийген Түндүк Кипрдин аймактык энергетика долбоорлорунда дагы активдүү роль ойной турган абалда экенин белгиледи Амчаоглу: «ТКТРдин туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык ишин улантып жатканын түшүндүрдүк. Жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлерди азайтуу жана таза технологияларды жайылтуу приоритеттердин арасында экенин айттык»,-деди "Түндүк Кипрдин климаттык шарттары кайра жаралуучу энергияга инвестиция салуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Айрыкча күн энергиясы тармагында олуттуу потенциал бар. Өнөр жай саясаты менен климаттын максаттарынын гармонияда жылышы биз үчүн абдан маанилүү. Биз жолугушуунун катышуучулары менен таза технологиялар тармагында өнүктүрүлө турган эл аралык кызматташтык экономикалык өсүшкө да, экологиялык туруктуулукка да салым кошоорун бөлүштүк Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги энергетика маселеси бир гана көмүр суутек булактары аркылуу бааланбашы керектигин белгиледик. «Биз ошондой эле электр инфраструктурасы, жаратылыш газ долбоорлору, кайра жаралуучу энергияга инвестиция жана энергетика коридорлору аймактын келечегинде чечүүчү болоорун бөлүштүк Маанилүү жолугушууда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын стратегиялык абалына көңүл бурушкандарын белгилеген Амчаоглу: «Аймактык энергетика тармактарында маанилүү орунга ээ боло аларыбызды билдирдик. Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги энергетика саясаттарынын бул жагынан чоң мааниге ээ экенин баса белгиледик»,-деди Министр Амчаоглу Түркия менен энергетика, айлана-чөйрө жана туруктуу өнүгүү тармактарында кызматташуунун улана турганын баса белгилеп, нөл калдык жана тегерек экономика максаттарына ылайык биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын уланта турганын айтты Амчаоглу билдирүүсүнүн аягында: «Түркия Республикасы менен ишибизди эт менен тырмактай улантабыз. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда иштелип чыга турган долбоорлор экологиялык максаттарга да, аймактардын өнүгүүсүнө да салым кошоорун билдирдик. Дагы бир жолу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга, анын урматтуу жубайлары Эмине Эрдоган айымга жана Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Качыр мырзага, ошондой эле уюштурууга салым кошкон мекеме жана жетекчилерге дагы бир жолу ыраазычылык билдирем», - деди ал


