Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Окумуштуулар генетикалык ооруну РНК аркылуу айыктыруунун жолун тапты

Бишкек, 11.06.26 /Кабар/. Кытайлык окумуштуулар булчуңдардын Дюшенн дистрофиясын дарылоодо маанилүү ийгиликке жетишкенин билдиришти. Бул тууралуу Cell илимий журналына таянып, Известия жазды Анда белгиленгендей окумуштуулар иштеп чыккан Leaper аттуу РНКны түзөтүү технологиясы биринчи жолу клиникалы

0 көрүүkabar.kg
Окумуштуулар генетикалык ооруну РНК аркылуу айыктыруунун жолун тапты
Paylaş:

Бишкек, 11.06.26 /Кабар/. Кытайлык окумуштуулар булчуңдардын Дюшенн дистрофиясын дарылоодо маанилүү ийгиликке жетишкенин билдиришти. Бул тууралуу Cell илимий журналына таянып, Известия жазды Анда белгиленгендей окумуштуулар иштеп чыккан Leaper аттуу РНКны түзөтүү технологиясы биринчи жолу клиникалык сыноодон өтүп, дүйнөдө алгач ирет булчуңдардын Дюшенн дистрофиясын дарылоодо колдонулду Булчуңдардын Дюшенн дистрофиясы – генетикалык мутациялардан улам пайда болгон оор тукум куучу илдет болуп саналат. Ал булчуңдардын акырындык менен алсырап, кыймылдоо мүмкүнчүлүгүнүн жоголушуна алып келет. Оору көбүнчө балалык куракта башталып, убакыт өткөн сайын бейтаптар өз алдынча баса албай калат. Көп учурда жүрөк же дем алуу органдарынын жетишсиздигинен өмүр кыскарат Адистердин айтымында, бул оору гендик терапия үчүн эң татаал оорулардын бири болуп эсептелет. Себеби ооруну пайда кылган ген өтө чоң жана бейтаптарда анын 7 миңден ашуун түрдүү зыяндуу мутациялары кездешет Leaper технологиясын Пекиндеги Чанпин лабораториясы менен Пекин университетинин окумуштуулары иштеп чыгышкан. Изилдөө тобунун жетекчиси Вэй Вэньшэндин айтымында, система булчуң клеткаларындагы бузулган генетикалык маалыматты так аныктап, мутацияны оңдоп, клеткалардын толук кандуу белок өндүрүү жөндөмүн калыбына келтирет Технологиянын өзгөчөлүгү – клеткага сырттан кошумча ферменттерди киргизүүнүн кереги жок. Ал атайын даярдалган РНК молекулаларын колдонуп, адамдын өз клеткаларындагы ферменттер аркылуу керектүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Бул ыкма коопсуз жана жөнөкөй деп бааланууда Жаңы технологиянын негизинде даярдалган эксперименталдык дарылоону алган үч бала бир жылдык байкоонун жүрүшүндө кыймыл-аракетинин туруктуу жана байкаларлык жакшырганын көрсөткөн Окумуштуулар Leaper технологиясы келечекте оор генетикалык оорулар менен жабыркаган көптөгөн бейтаптарга жардам бере алат деп үмүттөнүшүүдө

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler