Талаада бир жоокер
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өзүнүн коопсуздук кабинетине АКШнын колдоосу жок эле Иранга каршы турууга аргасыз болгон кырдаалга туш болушу мүмкүн деп эскертти. Бул тууралуу Израилдин i24News басылмасы билдирди Министрлер кабинетинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Нетаньяху Израил Амер

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өзүнүн коопсуздук кабинетине АКШнын колдоосу жок эле Иранга каршы турууга аргасыз болгон кырдаалга туш болушу мүмкүн деп эскертти. Бул тууралуу Израилдин i24News басылмасы билдирди Министрлер кабинетинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Нетаньяху Израил Американын колдоосусуз "ирандыктар менен жалгыз күрөшүүгө" аргасыз боло турган кырдаалга туш болушу мүмкүн экенин, анын ичинде ок-дарылардын жетишсиздиги жана эл аралык обочолонуунун күчөшү сыяктуу "бардык кесепеттери" бар экенин айтты Израилдин куралдуу күчтөрүнүн штабынын башчысы Эйал Замир да министрлерди Иран менен келишим түзбөөнү эскертип, “Азыр көрүп тургандай, дээрлик бардык келишимдер жаман келишим”,-деп айтканы кабарланууда i24News кабары Axios АКШнын президенти Дональд Трамптын Нетаньяхуга шилтеме жасап, эгерде анын чабуулдары кеңири масштабдуу согушка айланып кетсе, Израил Иран менен жалгыз калышы мүмкүн деп эскерткенинен бир күн өткөндөн кийин чыкты


