Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бири Англияга, экинчиси АКШга качкан. Сокулуктун тургуну тергөөнү талап -

Асылбаш айылынын тургуну Акымбек Мукашев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев менен болгон жолугушууда Сокулуктагы канализацияны оңдоого бөлүнгөн он миллиондогон сомдор кайра алынышы мүмкүн экенин билдирди Бул маселе президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен облус

0 көрүү24.kg
Бири Англияга, экинчиси АКШга качкан. Сокулуктун тургуну тергөөнү талап -
Paylaş:

Асылбаш айылынын тургуну Акымбек Мукашев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев менен болгон жолугушууда Сокулуктагы канализацияны оңдоого бөлүнгөн он миллиондогон сомдор кайра алынышы мүмкүн экенин билдирди Бул маселе президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен облус жетекчилигинин Сары-Өзөн айыл аймагынын тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлдү. Акымбек Мукашевдин айтымында, Сокулук айылындагы «Черёмушки» участкасында канализация маселеси көп жылдардан бери уланып келет Ал белгилегендей, тазалоочу жайлар дайыма иштен чыгып, объект үчүн жоопкерчиликти коммуналдык чарба комбинаты менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүшөт «Бул объектти казып, оңдоп-түзөөгө бири 3 миллион сом коротсо, экинчиси 22 миллионун алып Англияга, үчүнчүсү 18 миллионун жеп Америкага кетип жатат. Эки айыл өкмөт башчылар да чет өлкөгө чыгып кетип, азыркыга чейин маселе чечиле элек», - дейт айыл тургуну Ошондой эле, ал объекттин ээлик кылуу маселесин козгоп, колдогу маалыматтарга караганда, 51 пайыз акциясы коммуналдык чарба комбинатына тиешелүү экенин, калган үлүш жеке колдо экенин белгиледи Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев жарандын расмий арызын кабыл алып, айтылган фактылар дыкат иликтенип, тактала турганын билдирди

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler