Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргызстанда бала бакчага кезек - балдарды каттоо порталы өзгөрдү -

Балдарды каттоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундарды бөлүштүрүү үчүн колдонулган «Электрондук кезек» мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун функционалдуулугу mektep.edu.gov.kg порталынан balalyk.edu.gov.kg порталына которулуп, интеграцияланды. Бул тууралуу Билим берүү минис

0 көрүү24.kg
Кыргызстанда бала бакчага кезек - балдарды каттоо порталы өзгөрдү -
Paylaş:

Балдарды каттоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундарды бөлүштүрүү үчүн колдонулган «Электрондук кезек» мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун функционалдуулугу mektep.edu.gov.kg порталынан balalyk.edu.gov.kg порталына которулуп, интеграцияланды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирет Ведомстводон билдиришкендей, өзгөртүү мектепке чейинки билим берүү тармагындагы кызматтарды бирдиктүү санариптик платформада бириктирүүгө жана ата-энелердин мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган Эми balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу баланы бала бакчага каттатып, кезекке тургузуп, кезектин кыймылына көз салып, башка кызматтарды ала аласыз «Электрондук кезек» системасы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алуу процессинин ачык-айкындыгын камсыздайт, кезекти автоматтык түрдө түзүүгө, бош орундарды бөлүштүрүүгө жана адам факторунун таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Система ошондой эле бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга багытталган Ата-энелер балдарын balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу, ошондой эле Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу каттаса болот

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler