Стипендия, жатакана убада кылышат. Президент студенттердин мобилдүүлүгү боюнча жарлыкка кол койду -
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди Документ жашаган жерине карабастан жарандардын сапаттуу билимге бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, ошондо

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди Документ жашаган жерине карабастан жарандардын сапаттуу билимге бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле өлкөнүн аймактарынын кадрдык потенциалын чыңдоого багытталганы белгиленген Жарлыкка ылайык, региондор аралык студенттердин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган Министрлер кабинетине мамлекеттик билим берүү гранттарын аймактык балансты эске алуу менен бөлүштүрүүнү, программага катышкан студенттерге стипендияларды төлөөнү, ошондой эле аларды ички аба транспорту менен камсыздоону караган атайын программаны иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды Мындан тышкары жалпы сыйымдуулугу 9 миңден кем эмес студенттик жатаканаларды этап-этабы менен куруу пландаштырылууда. Жатаканалар спорт аянтчалары, ашканалар, окуу борборлору жана башка керектүү инфраструктуралар менен жабдылат Ошондой эле, министрлер кабинетине 2027-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетте студенттердин стипендиясын төлөө жана жол кире чыгымдарын жабуу үчүн каражаттарды кароо тапшырылды. Жатаканаларды куруу мыйзамда тыюу салынбаган булактардын эсебинен каржыланышы күтүлүүдө Программаны ишке ашыруу жаштардын өлкөнүн ар кайсы аймактарында билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жогорку билим алуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат деп күтүлүүдө


