Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Балта шаарында ресторандын администратору каза болгонун билдирди

Кара-Балта шаарындагы ресторандын дубалы урап, администратор каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти 2026-жылдын 4-майында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Жайыл райондук тез жардам кызматы аркылуу Кара-Балта шаарындагы ресторандардын биринде дубал

0 көрүүknews.kg
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Балта шаарында ресторандын администратору каза болгонун билдирди
Paylaş:

Кара-Балта шаарындагы ресторандын дубалы урап, администратор каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти 2026-жылдын 4-майында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Жайыл райондук тез жардам кызматы аркылуу Кара-Балта шаарындагы ресторандардын биринде дубал кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада Кара-Балта шаарынын 2007-жылы туулган тургуну К.Э. каза болуп, сөөгү Жайыл районунун өлүкканасына жеткирилген Бул факты катталып, тактоо иштери башталды Текшерүүнүн жүрүшүндө К.Э. 2025-жылдын март айынан баштап ресторанда администратор болуп иштеген 2026-жылдын 4-майында болжол менен саат 12:00дө ал бир тууганы жана кесиптештери менен ресторандын жайкы террасасында болгон. Бул учурда батыш тарабындагы шлакоблок дубалдын үстүнкү бөлүгү капысынан урап, асма конструкцияны басып калган. К.Э. урандылардын астында калып каза болгон Алдын ала маалыматтарга караганда, ресторандын имаратына жабышкан жана жайкы аймакты жаап турган ак чатырга жамгыр суусу толуп, дубалга жүк пайда болуп, анын урап кетишине алып келген Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен КР Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык чечим чыгарылат

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler