NYT: Израил Трамптын атайын чабарманы Уиткоффтун телефон чалууларын тыңшады
Израил АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Пентагондун саясий иштер боюнча орун басары Элбридж Колбинин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшады Бул тууралуу "The New York Times" (NYT) гезити өз булактарына таянып жазды Басылманын маалыматына караганда, акыркы апталарда Израи

Израил АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Пентагондун саясий иштер боюнча орун басары Элбридж Колбинин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшады Бул тууралуу "The New York Times" (NYT) гезити өз булактарына таянып жазды Басылманын маалыматына караганда, акыркы апталарда Израилден келген контрчалгындык коркунучтун деңгээли жогорудан критикалык деңгээлге көтөрүлдү. Израил тарап Американын Иран менен сүйлөшүүлөрүн угуп жатат деп айтууга негиз бар Басылма эки өлкөнүн жетекчилиги өз ара тыңчылыкты көптөн бери билип, ага чыдап келгенин баса белгилеген. Бирок бир катар америкалык расмий өкүлдөрдүн баасына караганда, Тегеран менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Израилдин Вашингтондун позициясы тууралуу маалымат алуу боюнча активдүү аракеттери кабыл алынгыс деңгээлге жеткен Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги Израилдин АКШга каршы тыңчылык коркунучун эң жогорку – критикалык деңгээлге көтөргөндүгү тууралуу маалыматтар бар болчу. Жети барактан турган документте Израилдин агенттик жана техникалык чалгындоо мүмкүнчүлүктөрү "критикалык деңгээлде" бар экенин көрсөткөн. Өз кезегинде Израилдин элчилигинин расмий өкүлү анын мамлекети америкалык аткаминерлерге каршы чалгындоо иштерин жүргүзбөй турганын баса белгилеп, бул маалыматты «толугу менен жалган» деп атады Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


