NYT: Иран өзүнүн ракеталык объектилеринин басымдуу бөлүгүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн сактап турат
Иран тарап өзүнүн ракеталык объектилеринин абсолюттук көпчүлүгүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн сактап турат, анын үстүнө алардын 90%ы кадимки режимде иштөөнү улантууда Бул тууралуу "The New York Times" (NYT) гезити чалгындоо маалыматына таянып жазганын "Report" жазды Маалыматтарга караганда, Тегеран Орму

Иран тарап өзүнүн ракеталык объектилеринин абсолюттук көпчүлүгүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн сактап турат, анын үстүнө алардын 90%ы кадимки режимде иштөөнү улантууда Бул тууралуу "The New York Times" (NYT) гезити чалгындоо маалыматына таянып жазганын "Report" жазды Маалыматтарга караганда, Тегеран Ормуз кысыгынын жээгинде жайгашкан 33 ракеталык жайдын 30ун оперативдүү көзөмөлгө алды, бул стратегиялык жактан маанилүү деңиз коридору аркылуу өткөн америкалык согуштук кемелер менен мунай танкерлерине потенциалдуу коркунуч жаратат Басылма чалгын кызматтарынын маалыматтарына таянып, Ирандын мобилдик ракеталык системаларынын 70%га жакыны дагы эле өз аймагында турганын жана согушка чейинки ракеталык куралдардын 70%га жакынын сактап калганын билдирди NYT бул маалымат АКШнын президенти Дональд Трамп менен Пентагондун башчысы Пит Хегсеттин Ирандын куралдуу күчтөрү жеңилгенин жана мындан ары коркунуч туудурбай турганын ырастаган эл алдында берген кепилдиктерине шек туудурарын жазды Эске сала кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштап, бир катар шаарларга абадан сокку урулган. Ошол эле күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи соккулардын натыйжасында өлтүрүлгөн. Буга жооп кылып Иран Израилдин аймагына ракеталык сокку уруп, Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскерий базаларына чабуул жасады Иран, АКШ жана алардын союздаштары 8-апрелге караган түнү ок атышпоо келишимине жетишти.Трамп кийин ок атышпоо келишимин белгисиз мөөнөткө узартты Тараптар Пакистанда жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок 11-12-апрелде өткөн биринчи айлампада эч кандай жыйынтык чыккан эмес АКШ Тегеранга кысым көрсөтүү үчүн Ирандын портторун жана Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жолдорду блокадага алды. Иран өз кезегинде Перс булуңуна бара турган кемелер үчүн Ормуз кысыгын блокадага алганын жарыялады. Аймактагы динамикалуу өзгөрүп жаткан кырдаал глобалдык энергетикалык кризисти жаратты Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


